Ишембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Christophe EnaОткрытый чемпионат Франции по теннису
Открытый чемпионат Франции по теннису - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 8-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Таласта +22…+27 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20…+25 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Ошто +26…+28, Бишкекте +27…+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0