Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактарда келе жаткан жумада жаан көп жаайт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Апта жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткендин кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Жара в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнга карата аба ырайынын божомолу
10-11-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаайт.

12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

9-12-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр  түшүшү мүмкүн.

13-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жааса, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0