Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Дмитрий Паршин / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үчүнчү күнү кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. 12-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күндүн көзү ачылабы? Бир жумага карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +21…+26, Талас облусунда +19…+24 градус жылуу болот. Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +21…+26 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көлдө +16…+21 жана Нарын облусунда +15…+20 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы Ошто +22…+24, Бишкекте +23…+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0