Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДжайлоо Иссык-Кульской области
Джайлоо Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, тоолуу райондордо жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чабандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын Согд облусунда эки чабанды 200 кою менен кар көчкү басып калды
Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26…+31, Таласта +25…+30 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө жана Нарын жергесинде абанын температурасы +17…+22 градуска жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы Ошто +29…+31 градуска көтөрүлсө, Бишкекте +27…+29 градус ысык болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0