Ишембиге карата аба ырайы

© AFP / JENS BUTTNERЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 15-июнда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Таласта +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +16...+21 жана Нарын жергесинде +17…+22 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Ошто +27…+29, Бишкекте +25…+27 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0