Театралдык номер аткарып жаткан балдар. Ахив

Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү

159
Рейтинг өлкөдө жашоо канчалык коопсуз экенин аныктайт.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Тынчтыкты сүйүү боюнча глобалдык индекс" рейтингинде (Global Peace Index) Кыргызстан 13 позицияга көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана тынчтык институту билдирген.

Рейтинг өлкөдө жашоо канчалык коопсуз экенин аныктайт.

Аны түзүүдө коомдун ынтымагы, адам укугунун сакталышы, саясий жана экономикалык туруктуулук, террор коркунучунун деңгээли эске алынат.

Быйыл Кыргызстан 108-саптан 95ке жылып, мурдагыдан 13 позицияга көтөрүлдү.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан алдына эч кимди салбай, 64-орунга чыкты. Экинчи орунда — Кыргызстан, үчүнчүдө Өзбекстан (102-орун). Эң төмөнкү көрсөткүч Түркмөнстанда (115-орун).

Дүйнө жүзү боюнча эң тынч өлкө деп Исландия аталды. Ошондой эле алдыңкы ондукка Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия, Дания, Канада, Чехия, Сингапур, Япония жана Словения кирди.

Былтыр эң кооптуу өлкө деп Афганистанды табышкан.

159
Белгилер:
рейтинг, тынчтык, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан кайсы адистерге муктаж? Бүтүрүүчүлөр үчүн рейтинг
Кыргызстан мусулман саякатчыларын өзүнө тарткан 30 мамлекеттин катарына кирди
Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев. Архив

Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

53
(жаңыланган 17:07 22.10.2020)
Маматалиев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, бир нече күн Кадр кызматын жетектеген Досалы Эсеналиевдин ордуна келди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кадр кызматын мурдагы вице-премьер Абдырахман Маматалиев жетектей турганын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Маматалиев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты жана күч блогун жөндөгөн вице-премьер болуп иштеген. Учурда анын уулу Марлен Маматалиев ЖКнын VI чакырылышынын депутаты.

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп Досалы Эсеналиев бир нече күн иштеген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында аны аталган ведомствонун жетекчилигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Буга чейин Эсеналиев президенттик аппаратты жетектеп келген.

53
Белгилер:
Абдырахман Маматалиев, Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров Зулушевди Башкы прокуратура жамаатына өзү барып тааныштырды
Оштун Алай футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын чемпиону болду

Футбол: "Алай" Кыргызстандын кубогу мелдешин утту

17
(жаңыланган 17:12 22.10.2020)
Алайлыктардын чабуулчусу Соломон Инкумдун башы менен киргизген жалгыз голу финалдык беттештин тагдырын чечти.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту. Финалдык беттеште алар Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде жеңип алышты. Оюндун жүрүшүн Kyrgyz Sport TV youtube каналы түз алып көрсөттү.

  • Футбольный матч между клубами Абдыш-Ата и Алай за кубок чемпиона Кыргызстана 2020. 22 октября 2020 года
    Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
  • Футбольный матч между клубами Абдыш-Ата и Алай за кубок чемпиона Кыргызстана 2020. 22 октября 2020 года
    Финалдык беттеште алар Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасын 1:0 эсебинде жеңип алышты
    © Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
1 / 2
© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
Оштун "Алай" футболдук клубу 2020-жылдагы Кыргызстандын кубогу мелдешин утту

Биринчи бөлүктүн 36-мүнөтүндө алайлыктардын 28-катар санындагы чабуулчусу Соломон Инкум стандарттык абалдан чыгарылып берилген топту башы менен киргизип, финалдык беттештин тагдырын чечти.

Муну менен "Алай" клубу Кыргызстандын кубогун акыркы 10 жылдын ичинде экинчи ирет утуп, Азия футбол конфедерациясы кубогунун квалификациялык стадиясына жолдомо алды.

"Дордой" футбол клубу мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиону болду

Футбол боюнча өлкө кубогу борборлоштурулган форматта Кант шаарында өттү. Ага чемпионатта экинчиден сегизге чейинки орунду ээлеген командалар катышкан.

"Алай" финалга чейинки жолдо "Каганат", "Нефтчи" командаларын уткан.

Акыркы 10 жылда бул мелдешти Бишкектин "Дордой" клубу алты, канттык "Абдыш-Ата" эки жолу утса, өткөн жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" клубу жеңген.

17
Белгилер:
ФК "Абдыш-Ата", ФК Алай, кубок, футбол
Тема боюнча
Эшенов: футболду өнүктүрүүдө көйгөйлөр көп