Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовДожди в Бишкеке
Дожди в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиде туруксуз аба ырайы күтүлөт.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. 16-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чабандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын Согд облусунда эки чабанды 200 кою менен кар көчкү басып калды
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +24...+29 градус, Талас өрөөнүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда +27…+32, Ысык-Көлдө +17...+22 жана Нарын аймагында +18…+23 градус болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +30...+32, Бишкекте +27…+29 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0