Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда ойноп жаткан балдар. Архив
Фонтанда ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. 17-июнда тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27…+32, Таласта +24…+29 градус ысык болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +28…+33 градуска көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө жана Нарын жергесинде абанын температурасы +20…+25 градуска жетет.

Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +29…+31 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0