Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Шейшембиде кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июль дагы жаанчыл болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Таласта +25…+30, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 градуска чамалап барат.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы Ошто +33…+35, Бишкекте +31…+33 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0