Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовДождь в Бишкеке
Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Дождь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас өрөөнүндө +25…+30 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көлдө +17...+22 жана Нарын аймагында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында түнкүсүн өткүн өтүп күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын болбойт. Күндүн табы Ошто +30...+32, Бишкекте +29…+31 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0