Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. 24-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткендин тоолуу жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +29…+34 градус болот.

Ысык-Көлдө +21…+26, Нарында +17…+22 жана Талас жергесинде күндүн табы +27…+32 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +31…+33 градусту түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0