Шейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosДождь в КР
Дождь в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейшембиде дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күн катуу ысыйбы? 1-июлга чейинки аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Таласта +28…+33, Баткенде +30…+35, Ош жана Жалал-Абад облустарында +29…+34 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +22…+27 жана Нарын аймагында +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ошто +31…+33, Бишкекте +32…+34 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0