Унаалар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 1-августтан тарта унааны каттоо арзандайт

839
(жаңыланган 17:34 25.06.2019)
Жаңы келишимдин шарты боюнча бир бланканын баасы төрт эсе төмөндөдү.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстанда унааны каттатуу жана кайра каттатуу 1-августтан тарта 589 сомго түшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

14-июнда тендердин жыйынтыгы чыгарылып, унааларды каттоо жөнүндөгү күбөлүктөрдүн бланкаларын даярдай турган "Госзнак" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Экинчи катышуучу — "Учкун" ААКсы болчу. Экөө тең жергиликтүү компания.

Жаңы келишимдин шарты боюнча бир бланканын баасы 192 сомду түзөт, бул мурдагыга салыштырмалуу төрт эсе арзан. Буга чейинки компания бир бланканы 10 евродон (рыноктогу орточо курс боюнча 800 сом) жеткирип турган. Эми чет элдик валютанын наркынан көз каранды болбош үчүн бланкалардын баасы сом менен бааланат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта унааларды каттоо жана кайра каттоо мурдагыдай эле 920 сомду түзөт, бирок бланк 192 сомдон (мурда 781 сом 50 тыйын) берилет.

Мамлекеттик номердин баасы дагы мурдагыдай эле — 788 сом. Натыйжада каттоо азыркыдай 2489 сом 50 тыйын эмес, 1900 сомду түзөт.

Подрядчы компания бланкаларды бир ай мурда жеткирүүнү убада кылган. Мындан улам 1-августтан тарта бериле баштайт.

Мамлекеттик каттоо кызматы 11-январда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бланкаларды мамлекеттин үлүшү бар жергиликтүү компания жасашы керектигин эске салды.

Өкмөттүн токтому менен президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы "Учкун", "Госзнак" жана "Типография" ишканалары мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт.

839
Белгилер:
каттоо, унаа, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Айдоочулук күбөлүктүн ордуна эмнеге кагаз берилип жатат? Мамкаттоонун жообу
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Кеткендерди кайра кайтаруу керек. Жээнбеков айылдарды өнүктүрүү туурасында

27
(жаңыланган 19:43 09.08.2020)
Маек учурунда Жээнбеков аймактарда көп иштеп келгенин, ал жактагы кыйынчылыктардын баарын жакшы билерин белгилеген.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айылдарды өнүктүрүү үчүн мамлекетте болгон каражатты ошол жактарга буруу керек. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" (КТРК) маек берип жатып билдирген.

Жээнбеков маек учурунда аймактарда көп иштеп келгенин, ал жактагы кыйынчылыктардын баарын жакшы билерин белгилеген.

"Аймактарда ыңгайлуу жашоо үчүн шарттарды жана жумуш орундарын түзүүгө жергиликтүү бийликтин каражаты да, мүмкүнчүлүгү да жок. Ошондуктан жергиликтүү тургундар өлкөнүн чоң шаарлары менен облус борборлоруна жана чет өлкөлөргө чыгып кетип жатат", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы премьер-министр болуп турганда жыйырма шаардын тегерегинде өнөр жай ишканаларын куруу боюнча өкмөт программа кабыл алганын да айтып кетти.

Жээнбеков: аймактарда ооруканалар эски, аны оңдоодо каржылоо маселеси жаралбасын

"Калкыбыздын 70 пайызы айыл жеринде жашаарын дайыма айтып келебиз. Бирок чындап келгенде, айылдардан көбү кетти. Аларды кайра кайтаруу керек. Баарын алып келе албасак дагы өсүп келе жаткан муунга, балдарыбызга ошол жерде жумуш орундарын түзүшүбүз шарт. Ал үчүн мамлекетте болгон каражатты ошол жактарга буруу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттеги болгон мүмкүнчүлүктөр анын ичинде бюджет, сырттан тартылган каражаттар аймактарга багытталат", — деди президент.

Мындан сырткары, мамлекет башчы таза суу темасына да токтолуп, бул маселе 2024-жылга чейин чечилип бүтүп каларын убадалады.

27
Белгилер:
өнүктүрүү, айыл, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: ооруканалардын курулушуна 100 млн доллар салчу адамдар бар
Гинеколог Алия Турдиева

Кош бойлуулар коронавируска кандайча кабылууда? Гинекологдун маеги

159
(жаңыланган 18:46 09.08.2020)
Гинеколог Алия Турдиеванын көз карашында, кыргызстандык кош бойлуулар COVID-19га кабылгандардан обочолоно алышпайт. Анткени үйдүн түйшүгүн келиндер тартат, бирөө сыркоолоп калса карайт. Дарыгер болочок энелерди мындай кыйчалыш маалда өздөрүн коргоого чакырат!

Алия Турдиева 15 жылдан бери гинеколог болуп иштейт, соңку жылдары тукумсуздукту дарылоого басым жасайт. Адис аялдардын саламаттыгы боюнча көйгөйлөрдөн кеп салып берди.

— Учурда аялдардын форумдарында катуу талаш жүрүүдө. Ушундай кырдаалда бойго бүтүрүүнүн кажети барбы же коронавирустан улам бир нече айдан кийинкиге пландаган оңбу деген суроо кабыргасынан коюлду. Сиздин кеңешиңиз кандай?

— Кантсе да кийинкиге пландоого кеңеш берер элем. Чет элдик адистердин жазгандарын окуп турам, коронавирус түйүлдүккө кандай таасир этери тууралуу дале так изилдөө жок.

Айрыкча 12 аптага чейин илдетти жуктурбаш керек, себеби плацента али калыптана элек, түйүлдүк корголгон эмес. Бул мөөнөттөн кийин вирус чел кабыктан жакшы өтпөйт.

Экинчи үч айлыкта жеңилирээк, ал эми акыркы үч ай кооптуураак. Анткени организм төрөткө камынат, вирус менен да күрөшүүгө туура келет.

Алия Турдиева работает гинекологом 15 лет, последнее время занимается лечением от бесплодия
© Фото / Мээрим Джунушалиева
"Коронавирустун түйүлдүккө кандай таасир этери тууралуу дале так изилдөө жок", - дейт гинеколог Алина Турдиева.

— Айрым кош бойлуулар тобокелге барбаш үчүн бойдон алдыруу туурасында да ойлонушуптур.

— Жок, эгер бойго бүтүп калган болсо, арга жок. Эгер олуттуу көйгөй болсо, бойдон өзүнөн өзү түшүп калат. Анан да биринчи эле скринингде өнүгүүнүн олуттуу кемтиктерин аныктоого болот. Негизи коронавирус — бул кадимки эле вирустук инфекция. 10 кош бойлуудан жетөө инфекцияны жуктуруп алар, биз баарынын боюнан алдыра албайбыз да! Мындайга биз аялдын өмүрүнө коркунуч туулганда гана барабыз.

Кептин баары, кош бойлуулар негизинен келиндер болгондугунда. Үйдүн бүт түйшүктөрү – тамак жасамайдан башкасына чейин алардын мойнунда. Ал аз келгенсип, ооруп турган кишини карайт. Ушинтип менин көп бейтаптарым ооруп калышты. Эгер ачыгын айтсам, ушул нерсе такыр жакпайт. Мындай учурда алар өздөрүн сакташы керек, өздөрүнө көбүрөөк убакыт бөлүшү зарыл.

— Сизге дагы кандай көйгөйлөр менен кайрылышат?

— Төрөткө кирбей калганыма алты жылдай болуп калды. Ушул тапта тукумсуздукту дарылоо жаатында иштеп, жатын түтүгүнүн бүтөлүп калышын дарылоого адистешип жатам. Акыркы убактарда эркектер арасында да тукумсуздук учурлары арбын.

Эмнеге балдар коронавируска жакшы туруштук берет? Педиатрдын пикири

Эгер мурда биз эркектерди экинчи же ал түгүл үчүнчү кезекте текшерсек, эми аял менен катар эле ден соолугун текшеребиз.

— Эмнеге мырзаларда да андай көйгөйлөр көп боло баштады?

— Өзүңөр деле карагылачы, 40тагы кыргызстандыктар 60 жаштагы чоң аталардай көрүнүшөт. Баары дебейм, бирок көпчүлүгү. Казы байлашат, баарын ылгабай ичип-жешет. Кайда болбосун автоунаа менен жүрүп, дегеле жөө басышпайт.

Ага кошумча, жалпысынан тамактануу да начарлап кетти. Биздеги жана чет өлкөдөгү азыктар даамы менен да, курамы боюнча да айырмаланат. Ал жакта баары эрежеге ылайык, ал эми бизге кандайы келип жатканын бир дагы лаборатория аныктай албайт. Ал тургай андай лабораторияларыбыз да жок!

Алия Турдиева работает гинекологом 15 лет, последнее время занимается лечением от бесплодия
© Фото / Мээрим Джунушалиева
Гинеколог Алина Турдиева: мектеп окуучуларына жыныстык тарбия сабагы өткөрүлүшү керек.

— Келиңиз, жакшыдан сөз чубайлы. Тажрыйбаңызда перзенттен үмүтүн үзүп койгон жубайларды сүйүнткөн учурлар болдубу?

— Кырдаал анчалык жакшы эмес экенин көрүп турсам да керемет болорун дайым айтып келем. Чындап эле керемет бар!

35 жаштагы бейтабым бар эле, бала көрө элек. Жатын түтүктөрү бүтөлүп калган. Бир нече жолу операция жасалган, бирок майнапсыз. Аны жасалма уруктандырууга даярдап жатышкан эле. Анан табигый жол менен эле боюна бүтүп калбаспы! Азыр анын өзү төрөгөн үч перзенти бар. Мындай кереметтер көп болот.

— Эмнеге жатын түтүктөрү бүтөлүп калат?

— Эң кеңири таралган себеби — кичи жамбаш чарасындагы органдардын сезгениши, жугуштуу оорулар. Бизде кандай болот адатта? Кыз турмушка адеби менен чыгат, ал эми жолдошунун толтура оорусу бар. Анын баары аялына жугат.

— Анан байкуш кызга бүт кайын журту "сен төрөй албайсыңбы?" деп сөз ыргыта башташат...

— Бул өтө кыйын, кыздарга абдан күчтүү психологиялык кысым көрсөтүлөт. Алардын оюна койсо, кыз турмушка чыккан күнү эле боюна бүтүп калышы керек. Андай сейрек кездешет, адегенде көнүш керек. Кээде ойго келбегендей нерселерге чейин жетет. Мисалы, бир бейтап кызым бар эле, эки жылдан бери боюна бүтүрө албай жүрөт. Башында кайненеси алып келип, келинин зекий, мага көрсөткөн. Күнөөнүн баарын келининен көрүп, айтканынан кайтпай жаткан. Баласы доктурга көрүнбөптүр. Өзүңүздөр деле боолголоп турсаңыздар керек, көйгөй уулунда экен. Андрологдон бир нече ай дарылангандан кийин бейтабымдын жакшынакай эле боюна бүттү.

Бишкекте коронавирустан көз жумган 27 жаштагы келин эгиз төрөгөн. Чоо-жайы

Айтып коюш го башка, бирок чоң эле аялдын өз келинине жаман мамиле кылганы коркунучтуу. Ал кыз да – бирөөнүн баласы!

— Кайненелер болочок келиндерин ээрчитип келип, адеби сакталганы боюнча справка талап кыларын эшиткеним бар.

— Биздин өлкөдө эки культ бар: кыз адеби менен турмушка чыгышы керек, анан уул төрөөгө тийиш. Бизде аялдардын баары эркек гана төрөшү абзел да... Ооба, келишет, текшерип берүүнү өтүнүшөт. Бирок гинекологдор андай тастыктаманы берүүгө акысы жок! Андайда кыздардан текшерүүгө макул болуп-болбогонун, ошол үй-бүлөгө бүлө болгусу келип-келбегенин сурайм.

— Аялдар форумдарында дагы бир тема кызуу талаш жаратат. Бизде кыздар отузга чыкса деле эркек тааныбай, турмушка чыгышат. Мынчалык карманып жүрүү зыянбы?

— Саламаттыкка бул эч кандай таасир этпейт. 50 жашка чыгып деле эркек тааныбаган аялдар бар. Аларда сезгенүү чанда кездешет, көпчүлүгү мастопатия өңдүү бөлөк көйгөйлөргө кабылат.

Алия Турдиева работает гинекологом 15 лет, последнее время занимается лечением от бесплодия
© Фото / Мээрим Джунушалиева
Гинеколог АлинаТурдиева: эгер мурда биз эркектерди экинчи же ал түгүл үчүнчү кезекте текшерсек, эми аял менен катар эле ден соолугун текшеребиз.

— Башка врачтар кыргызстандыктардын өз саламаттыгына шалаакы мамиле жасайт деп калышат. Гинекологдорго бул тиешелүү эместей, аялдар бизде бул жагынан өздөрүн аябай карашат эмеспи.

— Андай деп айтпайт элем. Мамлекеттик ооруканада бир топ жыл иштегендиктен, биздин аялдардын дайым эле текшерилүүгө шарты келе бербейт.

— Билишимче, Европада эрозияны дарылашпайт, ал эми бизде эрозиясы бар аялдардын баарын аны күйгүзүүгө жөнөтүшөт.

— Ооба, Европада чындап эле аны дарылашпайт. Бирок ал жакта аялдар жарым жыл сайын текшерүүдөн өтүп турушат. Ал эми бизде баары тескерисинче.

Бир учурду айтып берейин, "рак" деген диагноз менен бир бейтап келди. Онкологго жөнөттүк. Төрт айдан кийин кайра келип: "Доктор, мен онкологго барган жокмун. Күйөөм кереги жок деп койду. Жок-жок, ал врач эмес, биз элдик ыкма менен дарыландык", – дейт.

Кайра көрүп, анализ тапшырттык. Көрсө, төрт ай ичинде дагы абалы начарлап кетиптир! Эмне дары чөп менен дарылашканын билбейм, эми операциясы абдан оор болот, андан соң аны химиотерапия күтөт. Азыр ал кыз дарыланууда. Мындайда эмне дей аласың?

Толгоом кечеңдеп санаага салды... Пандемия кызып турган маалда көз жаргандар

Кээде таптакыр ойдо жок нерселер болот. Кош бойлуу келиндин бир патологиясы аныкталып, ооруканага жатышы керек болсо, биз аны стационардын астанасына дейре коштоп барабыз. Врачтар менен сүйлөшүп, жаткырабыз. Негизи андай деле кылууга тийиш эмеспиз. Бейтап бурулуп алып, кетип калбасын деп ошентебиз. Андай көрүнүштөр да жок эмес! Кетип калышат, себеби үйдө күйөөсү, балдары калат. Аларга ким тамак жасайт? Анан аларды эс-учунан танган, комадагы абалда алып келишет! Кудай жалгап, акыркы 15 жылда кыздар абдан өзгөрдү, өздөрүн жакшы карай башташты. Бул кубандырбай койбойт.

— Кандай ойдосуз, мектеп окуучуларына жыныстык тарбия сабагы өткөрүлүшү керекпи?

— Сөзсүз! Студент кезимде жыныстык сабатсыздыкты жоюу долбооруна катышкам. Мектептерди кыдырып, элементардык эле нерселерди түшүндүрүп бергенбиз. Ошентсе да биз балдар менен бул нерселер, мисалы, секс туурасында сүйлөшүүбүзгө мыйзам жол бербейт. Антсе да окуучу кыз медикаменттик бойдон алдыруу жөнүндө суроо бергенде айран таң калгам. Анан калса, ошол жылдары десеңиз! Мен өзүм бул ыкма тууралуу ординатурада экинчи курста окуп жүргөндө билдим.

10-класста эле мунун баары бар, бирок биздин аткаминерлер буга көз жумуп, "жок, кайдагыны айтасыңар, биздин кыздар адептүү, уяттуу келишет!" дешет. Ата-энелер да эч нерсе түшүндүрүшпөйт.

Бир убакта андай предметти мектеп программасына киргизүүгө аракет кылып, атайын окуу китеби да иштелип чыккан. Бирок депутаттар аны көргөндө ызы-чуу көтөрүшкөн. Ошол менен бул тема дароо жабылган. Анан эмне кылышсын? Алардын оюнда бул уят нерсе, андай кылганга болбойт да!

Алия Турдиева работает гинекологом 15 лет, последнее время занимается лечением от бесплодия
© Фото / Мээрим Джунушалиева
Гинеколог Алина Турдиева: ата-энелер кыздарды өздөрүн сыйлап, сүйүүгө үйрөтүүгө тийиш, бул абдан маанилүү.

— Дагы бир талаш жараткан нерсе — бойдон алдыруу. 30-жылдары Кыргыз ССРинде буга тыюу салынып, бирок кесепети оор болгон экен. Буга кандай карайсыз?

— Мага ушул багытта иштейсизби деп түз кайрылышат. Чынын айтсам, бул мен аткаруудан оолак жалгыз процедура эмес. Бирок төрөш же андан баш тартыш – ар кимдин өз эрки. Алты баласын ээрчитип, "апа, муну алып берчи" деп ыйлагандарынан зааркана дүкөнгө киргиси келбеген аялдар бар.

Кош бойлуулар коронавирустан кантип коргоно алат. Гинекологдун кеңеши

Бойдон алдырууга тыюу салуунун кажети жок, анан калса, өлкөдө демографиялык кризис жок. Экономикалык жактан канчалык начар жашасак да, аялдар баары бир төрөйт. Ошону менен бирге эле беш жылда бешти төрөгөн аялдарды карап, кооптонбой кое албайсың! Ал төрөттөн соң калыбына келүүгө үлгүрбөгөн, көптөгөн микроэлементтердин таңсыктыгы бар, нерви чыңалган, тыңый да элек.

— Коомдо бул өтө деле өөн учурабаган көрүнүш.

— Бизде мындай нерселер ого эле арбын. Ата-энелер кыздарды өздөрүн сыйлап, сүйүүгө үйрөтүүгө тийиш, бул абдан маанилүү.

— Соңку жылдары студент медиктер кандай өзгөрдү?

— "Барган сайын студенттердин билим деңгээли начарлап барат" деп калышкандарын угам. Жок! Мында көп нерсе окутуучуга байланыштуу, ал канчалык кызыктуу сабак өтүп, студенттердин көңүлүн канчалык тарта аларында. Медицина дүйнөдөгү эң мыкты кесип экенин көрсөтүү үчүн кай бир учурда келечектеги врачтарды жылуу сөз менен кубаттап коюу гана жетиштүү!

159
Белгилер:
коронавирус, келин, кош бойлуу, маек, гинеколог, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Динчилдер да аялдарынын төрөтүн мага табышташат. Акушер-гинеколог жигиттин баяны