Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
28-30-июндарда абанын температурасы жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. 29-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Таласта +30...+35, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +24…+29 градус ысык болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +34…+36 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0