Нөшөрлөп жаан жаап, тоолорго кар түшөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© AP Photo / Richard VogelЖамгын учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгын учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

3-4-июлдарда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Июль дагы жаанчыл болобу? Бир айга карата аба ырайынын божомолу
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0