Күн дагы ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда күндүн температурасы +36 градуска чейин жогорулайт.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Апта ичинде өлкө аймагында жаан-чачын анча көп болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Аляскадагы Джевел-Лейк көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аляскага да мээ кайнаткан ысык келди
7-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

8-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

9-10-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтөт. 10-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күндүн көзү бузулат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

11-июлда аба ырайы ачык болсо, 12-13-июлдарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0