Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишемби күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Эртең, 20-июлда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад дубандарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Таласта +32...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39 градус болот.

Ысык-Көл жана Нарын жергесинде термометр +27…+32 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +36…+38 градуска чыгат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0