Күн күркүрөп, өткүн өтөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Жыргалана. Иссык-Кульская область
Природа Жыргалана. Иссык-Кульская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. 21-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Аптап учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү мээ кайнаткан ысыктан сак болгула! Мэрия тургундарга кайрылды
22-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

23-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-25-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Ал эми 27-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0