Августта кыргызстандыктар канча күн эс ала турганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курман айтта кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышы мүмкүн. Министрлик муфтияттын чечимин күтүүдө.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Август айында кыргызстандыктардын Курман айт жана Эгемендүүлүк күнүнө карата эки күн эс алуусу каралган.

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жайдын акыркы айы кандай болот? Августка карата аба ырайы
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эгер Курман айт дем алышка туш келсе, Эмгек кодекси боюнча эс алуу кийинки иш күндөрүнө туура келет.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт 10 же 11-августка (ишемби же жекшемби) туура келерин маалымдаган. Эгер мындай боло турган болсо, дүйшөмбү, 12-август дагы эс алуу күнү болмокчу.

Эгемендүүлүк күнү белгиленген 31-август да ишембиге дал келет. Бирок министрлик быйыл бул күн дүйшөмбүгө жылбай турганын, анткени 4-январдагы эс алуу ушул күндүн эсебинен болгонун белгиледи.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын соңунда чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык, кыргызстандыктар 1-7-январь күндөрү эс алган. Бул күндөр жылдын ар кайсы күнүнө "чачыратылган".

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0