Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишемби күнү Ысык-Көл облусунан башка аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 27-июлда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Аялдамада турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сак болуңуз! Кыргызстанда ысык күчөйт
Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38 градус ысык болот.

Нарында +26...+31 жана Ысык-Көл жергесинде термометр +21...+26 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +35…+37, Бишкекте +34...+36 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы +21...+23 градус болору айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0