Күн 40 градуска чейин ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. 29-июлда күндүз жана 30-июлда түнкүсүн Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

30-июлда күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге дейре жетет.

31-июлда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

1-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-августта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

2-3-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0