Кыргызстанда эми комуз күнү белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование дня защиты детей в Бишкеке
Празднование дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү Жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда комуз күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, комуз күнү 9-сентябрда белгиленет.

Маалыматта кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эместиги айтылат.

"Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан-муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти. Азыркы шарттарда комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада
Бул майрамды уюштуруу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда 5-март ак калпак күнү катары белгиленип келет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0