Театрда Гамлетти ойногон актер. Архивдик сүрөт

Кыргызстандык Тарзан жана Гамлет. Адабий каармандардын атын алып жүргөндөр

106
(жаңыланган 10:10 01.08.2019)
Айрым ата-энелер качандыр бир кезде катуу таасирленген каарманын "түбөлүк" эсинде калтырууга аракет жасайт сыягы.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстанда адабий каармандардын ысымын алып жүргөн адамдар көп. Sputnik агенттиги биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап чыкты.

Эдгар Берроуздун Тарзанын көп эле киши билсе керек. Бул каармандын атын үч кыргызстандык алып жүрөт. Уильям Шекспирдин Гамлетинин ысымын алган эки киши бар, аны менен бирге тизмеден беш Жульеттаны таптык. Айтмакчы, эмнегедир бир да Ромео кезиккен жок. Дагы бир мекендешибиз Виктор Гюгонун Эсмеральдасынын атын алып жүрөт.

Александр Дюманын да китептерин көп эле кыргызстандык окуса керек, мындан улам Арамис деген ысым эки кишиге ыйгарылыптыр. Бирок бир да Атос, Партос жок экен. Антсе да башкы каарман Д'Артаньянга үндөш Дартанаян деген атты кезиктирдик.

Британиялык жазуучу Вальтер Скоттун белгилүү романдарынын бири — "Айвенго". Анын ысымын бир кыргызстандык алып жүрөт.

Мекендештерибизге керек болсо байыркы канышалардын да аттарын ыйгарышат.

106
Белгилер:
ат, жазуучу, чыгарма, каармандык, ысым
Тема боюнча
Клеопатра, Семирамида... Байыркы канышалардын атын алып жүргөн кыргызстандыктар
Мадонна, Алсу... Атактуу ырчылардын ысымын алган кыргызстандыктар