Курман айтта аба ырайы кандай болот? Облустар боюнча божомол

© Sputnik / Зульфия ТургуноваПраздничная молитва по случаю Курман айта на площади Оша
Праздничная молитва по случаю Курман айта на площади Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Быйыл Курман айт 11-августта белгиленет. Бул күнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Горы Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Апта аягында ысык бир аз кайтат. Бир жумага карата аба ырайы
Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Күндүз Чүйдө +31...+36 градуска чейин ысыйт. Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +32…+37 градуска дейре жетет. Нарында +26…+31 болсо, Ысык-Көлдө +23…+28 градус ысык болот.

Борбор калаа Бишкекте +34...+36 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +35...+37ге чейин барат.

Курман айтта кандай мал союу керектигин да билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0