БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Чүй облусунда +29…+34, Таласта +26…+31, Баткенде +30…+35, Ош, Жалал-Абад облустарында +30…+35, Нарында +23…+28, Ысык-Көлдө +23…+28 градус ысык болот.
Ал эми Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градус ысыйт.
Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы +32…+34 градуска чейин жогорулай турганы айтылды.