Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 10-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Праздничная молитва по случаю Курман айта на площади Оша - Sputnik Кыргызстан
Курман айтта аба ырайы кандай болот? Облустар боюнча божомол
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын жергесинде термометр +24...+29 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +34...+36, Бишкекте +33...+35 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы +24...+26 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0