Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© © SputnikКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 12-августта күндүз Ысык-Көл, Нарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө +31 +36, Талас аймагында +29 +34, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +32 +37 градуска жетет. Нарын жергесинде +27 +32, Ысык-Көл өрөөнүндө +23 +28 градус жылуу болот.

Ош, Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, борбор калаа менен Ошто күндүн табы +34 +36 градуска көтөрүлсө, Чолпон-Атада +23 +25 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0