Шейшембиге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCEЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. 13-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоолуу өрөөндөрүндө жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Таласта +27…+32, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө күндүн табы +23…+28 градуска көтөрүлсө, Нарында +27…+32 градуска чейин жетет.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы борбор калаа менен Ошто +33…+35, Чолпон-Атада +23…+25 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0