Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровПлатные стоянки в Бишкеке
Платные стоянки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. 14-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +28…+33, Ысык-Көлдө +23…+28, Талас менен Нарында +24…+29, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +29…+34 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, күндүн табы борбор калаада +30…+32, Ошто +32…+34 жана Чолпон-Атада +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0