Жамгыр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

166
Бейшембиде кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 14-авг.— Sputnik. 15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23…+28, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +24…+29 градус болот.

Ысык-Көлдө +21…+26, Нарын аймагында +23…+28 градус болору болжолдонду.

Ош шаарында күн ачык болсо, Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, абанын температурасы +26…+28 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, +21...+23 градус жылуу болору айтылды.

166
Белгилер:
жамгыр, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы