Сентябрь ичинде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Жазылуу
Кээ бир аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет сентябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүз +21…+26 градустан +28…+33 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн +3…+8 градус жылуу болуп, күндүз +15…+20 градустан +21…+26 градуска чейин барат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 15-22 миллиметр, тоо этектеринде 19-32 миллиметр).

Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жер силкинди. Карта
Талас облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, +15…+17 градус жылуу болушу ыктымал.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23 градустан +24…+29 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (11-14 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, +21…+23 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +8…+13 градустан +14...+19 градуска чейин, күндүз +22…+27 градустан +30…+35 градуска чейин өзгөрөт. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн +3…+8 градустан +9...+14 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +19…+24 градустан +25…+30 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 7-13 миллиметр, тоо этектериндеги райондордо 11-34 миллиметр).

Ысык-Көл облусунда айлык орточо температура климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, +14…+16 градусту түзөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11 градустун тегерегинде болуп, күндүз +14…+19 градустан +20…+25ке чейин барышы болжолдонууда. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды (11-33 миллиметр, чыгышында 39-57 миллиметр).

Нарын облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, +13…+15 градуска чамалайт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градустун тегерегинде болуп, Ат-Башы районунда кээ бир түндөрү 0...-2 градус болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Дожди в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаан жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Абанын күндүзгү температурасы +17…+22 градустан +24…+29 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (7-15 миллиметр).

Алай өрөөнүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, +6…+8 градус жылуу болмокчу.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3 градус сууктан +2 градуска чейин жылып, күндүз айдын биринчи жарымында +16…+21 градус, айдын экинчи жарымында +10…+15 градус болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот (15-17 миллиметр).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, +8…+10 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин көтөрүлүп, күндүз +15…+20 градустан +21…+26 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (36-38 миллиметр).

Жаңылыктар түрмөгү
0