Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив

Жыл башынан бери калктын саны канчага өстү? Бала көп төрөлгөн аймактар

1473
(жаңыланган 10:41 15.08.2019)
Ушул жылдын алты айында өлкөдө 83 миңден ашык бала жарыкка келди. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кайсы аймакта ымыркай көп төрөлүп жаткандыгын тактап көрдү.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2019-жылдын январь айынан июль айына чейин Кыргызстанда жалпы жонунан 83 278 ымыркай төрөлгөн. Бул 2018-жылдын алты айына салыштырмалуу 2121 балага көп дегенди түшүндүрөт. Былтыр ушул маалда 81 157 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

Төрөт арбын болгон аймактардын сап башында Ош, Жалал-Абад облустары менен Бишкек шаары турат. Ал эми Нарын менен Талас өрөөнү тизменин аягында.

Ошондой эле жыл башынан бери бир жашка чейинки 1 249 чүрпө чарчап калса, ар кайсы курактагы 15 038 киши каза болгон.

Жыйынтыгында жалпы алты ай ичинде калктын саны 66 миң 991 адамга өстү.

1473
Белгилер:
инфографика, ымыркай, калк, демография, Кыргызстан
Тема боюнча
Баланы бешикке эмнеге бөлөшөт? Кызыктуу видео
Бишкекте төрт эмдин ата-энеси батирден башка эмне белек алышты. Тизме
Исхакова: эне ымыркайын шашпай эмизиши шарт