Шашылыш билдирүү! Абанын температурасы кескин төмөндөйт

© AFP / Rolf Vennenbernd / dpa Последствия циклона "Фридерике" в Германии
Последствия циклона Фридерике в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин күн кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 15-17-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Сентябрь ичинде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу
Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

17-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0