Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-август — Sputnik. 18-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Таласта +23…+28, Нарында +20…+25, Ысык-Көлдө +18…+23, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27…+32 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарында күн ачык болуп, күндүн табы +29…+31 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы +20…+22 градуска жетип, өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0