Күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума ичи тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

20-21-22-августта тоолуу райондордо өткүн өтсө, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 22-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0