Жакында ишкерлер үчүн мамлекеттик ипотека бериле баштайт. Шарты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүБатирдин эшигин ачып жаткан аял. Архив
Батирдин эшигин ачып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул программа үчүн Немец өнүктүрүү банкы 11 миллион евро бөлмөкчү.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакынкы бир айда мамлекеттик ипотекага Немец өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен ишкерлерге насыя берилип баштайт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун башкаруучулугунун төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу билдирди.

Анын айтымында, KfW 11 миллион евро бөлөт, анын 500 миң евросу грант түрүндө берилмекчи. Немец тараптын шарты менен каражат аймактарда үй алууга жумшалат. Ага Бишкекте же Ошто турак жай аянтын сатып алууга болбойт.

"Биз коммерциялык банктардын бири менен алгачкы үч айдыкын же 500 миң еврону банк жеке каражатынан бергидей кылып сүйлөштүк. Алар ички процедураларды жүргүзүп жатышат, бир ай ичинде процесс башталат", — деди Үсөнакун уулу.

Ал төмөнкү талаптарды санап берди:

  • Мамлекеттик кызматта иштебегендер жылына насыянын 10 пайызын (алгачкы төлөм 20 пайыз) 15 жылда төгүп бүтөт;
  • Кредиттин суммасы — 24 миң евро (Улуттук банктын учурдагы курсу менен 1 миллион 855 миң сом).
Жаңылыктар түрмөгү
0