Жумага карата аба ырайы

© AFP / Tobias SCHWARZ / dpaШамалдан кулаган бутактар. Архив
Шамалдан кулаган бутактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. 23-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир өрөөндөрүндө жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Таласта +24…+29, Нарында +19…+24, Ысык-Көлдө +18…+23, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27…+32 градус ысык болот.

Ал эми Бишкек, Чолпон-Ата жана Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы борбор калаада +28…+30, Ошто +29…+31 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Атада бул көрсөткүч +20…+22 градуска жетери айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0