Абылгазиев октябрда мугалимдердин айлыгы көбөйөт деп убадалады

© © SputnikКонференция "Современные векторы образования Кыргызстана" в Чолпон-Ате
Конференция Современные векторы образования Кыргызстана в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы маянаны көбөйтүү үчүн каражат булагы табылганын белгиледи.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдө өтүп жаткан август кеңешмесинде быйыл октябрь айынан тарта мугалимдердин айлыгы 30 пайызга жогорулай турганын айтты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, билим берүү тармагында эмгектенген 5-6-категориядагы 120 миң адистин маянасы жогорулайт.

"Октябрдан декабрга чейинки үч айга 2 миллиард сом каралган. Ал эми 2020-жылы маяна үчүн бюджеттен сегиз миллиард сом бөлүнөт. Каражат булагы табылды", — деди Абылгазиев.

Иш-чарага Кыргызстандын туш тарабынан келген билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0