Жамгыр учрунда көчөдө бараткан адамдар. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

96
Алтынчы күнү туруксуз аба ырайы күтүлөт.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. 24-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Таласта +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаап, абанын температурасы Ошто +27...+29, борбор калаада +26...+28 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүн табы +18...+20 градус болору болжолдонду.

96
Белгилер:
жамгыр, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө мөндүр жаады. Видео