Жол кырсыктын кесепети. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда жыл сайын канча жол кырсыгы болот? Жүрөк ооруткан график

345
(жаңыланган 10:43 27.08.2019)
2006-жылдан бери өлкөдө 72 миңден көбүрөөк жол кырсыгы катталган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2006-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда канча жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат жарыялады.

Бул аралыкта 72,3 миң кырсык болгон.

Жол кырсыгы эң аз болгон учур 2006-жылга (4 миңден аз), ал эми эң көбү 2013-жылга туура келет (7,5 миң).

Белгилей кетсек, мындан кийинки үч жыл катары менен кырсыктар ар биринде 7 миңден ашып, андан кийин азайып калган.

345
Белгилер:
статистика, Кыргызстан
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Эки киши көтөрүп бараткан түтүктү сүзүп... Түндө болгон кырсыктын чоо-жайы
Кара-Көлдө кош бойлуу келинди учура сүзгөн айдоочу кармалды
Дарылар. Архив

Кыргызстанда коронавируска каршы кайсы дарылар жетишсиз. Тизме

2
(жаңыланган 16:13 06.08.2020)
Жетишпей жаткан дарылардын бардыгы коронавирус жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева өлкөдө дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча кырдаал турукташып калганын, бирок айрым препараттар тартыш болуп жатканын брифингде маалымдады.

Анын айтымында, өлкөдө азыр төмөнкү дарылар тартыш болууда:

  • надропарин (фраксипарин)
  • натрийдин эноксапарини
  • кларитромицин
  • пиперациллин-тазобактам
  • мидазолам.

Булар коронавирус жана пневмония илдетинин оор жана өтө оор формаларын дарылоо үчүн зарыл.

"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо уюмдарында акча каражаты жетиштүү. Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу департаментинин билдиргендей бардык дары-дармек Кыргызстандын рыногунда бар. Ушуга байланыштуу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине кайрылып кетким келет. Колдо болгон ресурстарды пайдаланып, калкты дары-дармек, дезинфекциялоочу каражат жана медициналык буюмдардын запасы камсыз кылыңыздар", — деди Боронбаева.

Ал жыл башынан тартып медиктердин компенсациялык төлөмдөрүн жүргүзүүгө 623,8 миллион сом төлөнүп берилгенин кошумчалады.

2
Белгилер:
дарылоо, коронавирус, каражат, ММКФ, дары-дармек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Заматта баары тозокко айланып кетерин эч ким күткөн эмес. Дарыгердин маеги
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев. Архив

Улуттук статистика комитетинин башчысынын орун басары пневмониядан каза тапты

8
(жаңыланган 15:52 06.08.2020)
Кошоев Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп 2019-жылдын февраль айынан тарта иштеп келе жаткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев 62 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан каза тапты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кошоев аталган кызматта 2019-жылдын февраль айынан тарта иштеп келе жаткан.

"Ал республиканын аймагында 2020-жылы белгиленген эл жана турак жай каттоо тармагын көзөмөлдөп, даярдык иштерине чоң салымын кошкон", — деп айтылат маалыматта.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам аны жүргүзүү жылдырылган.

Акыркы суткада коронавирустан 9 киши каза тапты

Аталган ведомстводон Исалиев статистика органдарында эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштагандыгын билдиришти. Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак-жай каттоо сыяктуу ири масштабдуу иш-чараларды жетектеп, 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл чарбалык каттоонун башында турган. Кыргыз Республикасынын статистика тармагынын мыктысы наамы ыйгарылган.

8
Белгилер:
пневмония, өлүм, оору, коронавирус, Улуттук статистика комитети, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Рентген аппараттарын алуу маселеси чечилген эмес. Боронов министрликти сындады