Ылдамдыгы 20 метрге чейин жеткен шамал болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПогода в Великом Новгороде
Погода в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин маалыматына көз салганда бул аптанын жаанчыл боло турганын байкоого болот.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 1-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

2-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт.

3-4-сентябрда кээ бир райондордо жамгыр жаашы мүмкүн.

5-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

6-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0