Кар жаап, үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековШквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС
Шквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. 9-10-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Сентябрь ичинде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу
Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0