Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
12-сентябрда республикада күн ачык болот.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 12-сентябрь, бейшембиде, түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +20… +25, Талас аймагында +20…+22, Нарында +16…+18, Ысык-Көлдө +16…+21, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24…+26 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +22…+24 градуска жетип, Ошто +24…+26 градуска көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0