Жаан жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстандын айрым тоолуу райондорунда жаан жаап, апта соңунда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызгидрометтин божомолу боюнча, 15-сентябрда күндүз жана түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаайт.

16-сентябрда тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Ал эми 17-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

18-19-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0