Акыйкатчы чет жактагы абактарда КРдин канча жараны бар экенин айтып берди

© AFP / Anthony WALLACEТюрьма Стэнли в Гонконге
Тюрьма Стэнли в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамытов чет мамлекеттин компетенттүү органдары Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө эркинен ажыратылган КР жарандары жөнүндө маалыматтарды бербей турганына токтолду.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Омбудсмен институтунун 2018-жылда жасаган иштери тууралуу отчет берди. Ал өз сөзүндө чет мамлекетте жасаган түрдүү кылмыштары үчүн Кыргызстандын канча жараны жаза өтөп жатканын маалымдады.

Мамытовдун айтымында, башка мамлекетте соттолгон КР жарандары негизинен чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, экономикалык кылмыштар, контрабанда, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, киши өлтүрүү, зордуктоо, ден соолукка атайылап оор зыян келтирүү, карактоо, тоноо, уурдоо сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон.

Ал ошондой эле айрым чет мамлекеттин компетенттүү органдары Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелерине эркинен ажыратылган КР жарандары жөнүндө маалыматтарды бербей турганына токтолду.

Акыйкатчынын маалыматы боюнча, Россияда 1293 адам соттолгон (Анын ичинен 30 пайызы баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн эркинен ажыратылган).

Башка мамлекеттерде соттолгон КР жарандары боюнча маалыматтар төмөнкүдөй:

  • Казакстанда – 241 адам;
  • Өзбекстанда – 64;
  • Тажикстанда – 34;
  • Кытайда – 17;
  • Түркияда – 12;
  • Белоруссияда – 10,
  • Германияда – 10;
  • Бириккен Араб Эмирлигинде – 4;
  • Украинада – 3;
  • Түштүк Кореяда – 2;
  • Афганистанда – 2.

Змандаш ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Айдаров: Миграция кызматынын статусун жогорулатуу керек
Италия, Америка Кошмо Штаттары, Индонезия, Таиланд, Молдова мамлекеттеринде бирден КР жараны бар.

Жалпысынан чет мамлекеттин абактарында Кыргызстандын 1697 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Андан сырткары, 2018-жылы Кыргызстанга экстрадицияланган жарандардын жалпы саны 143 адамды түздү. Алардын ичинен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн 68 айыпкер алып келинсе, жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Кыргызстанга экстрадициялангандардын саны — 76.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0