Кыргызстанда арзан кызматтардын жана товарлардын электрондук каталогу ишке кирди

© AFP / FRANK PERRYРесторан. Архив
Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизги максат — чакан жана орто бизнес үчүн мамлекеттик сатып алууларга жетүүнү жеңилдетүү, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, сатып алуулардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жөнөкөйлөтүү.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстан боюнча арзан кызматтарды жана товарларды сунуш кылган "Тандоо" электрондук каталогу иштей баштады. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Негизги максат — чакан жана орто бизнес үчүн мамлекеттик сатып алууларга жетүүнү жеңилдетүү, жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдү колдоо, сатып алуулардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жөнөкөйлөтүү.

Договор в офисе - Sputnik Кыргызстан
Ишкер инвестор издеп жатканда эмнеге басым жасоо керектигин эксперт айтып берди
Мисалы, ишкер сайт аркылуу өзүнө керектүү товарды издеп, кызмат көрсөтүүчүлөр арасында сынак жарыялай алат. Мындан тышкары, өзүндөгү товарды каталогго киргизсе болот. Ошондой эле рыноктогу бааларга мониторинг жүргүзөт.

Каталог Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тарабынан ишке ашырылган "Кыргыз Республикасы: мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасында өткөрүлүүчү мамлекеттик сынактарга чакан жана орто бизнестин катышуусуна көмөктөшүү" долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Каалоочулар каталог менен бул дарекке кирип тааныша алат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0