Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

122
Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 30-сентябрь, дүйшөмбү күнү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Талас, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +12…+17, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, борбор калаада күндүн табы +16…+18 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто абанын температурасы +18…+20 градуска чейин жетет.

122
Белгилер:
жаан, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Боомдун жолу беш күн бою маал-маалы менен жабылып турат
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

26
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

26
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигине талапкер Тилек Токтогазиев. Архив

ЖК депутаттары Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри кылып бекитти

508
(жаңыланган 19:26 21.10.2020)
Токтогазиевдин талапкерлиги бул кызматка былтыр дагы көрсөтүлүп, коомчулуктан колдоо тапкан. Бирок анда өкмөт сунушту четке кагып койгон.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Парламент айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлигин кароо учурунда кээ бир эл өкүлдөрү буга чейин мамлекеттик кызматта иштебегенин сынга алышты. Бирок башкалары анын менеджерлик сапатын белгилеп, жаштыгына жана дилгирлигине маани беришти.

Токтогазиев суроолорго жооп берип жатып аны министрлик кызматка премьер-министр Садыр Жапаров өзү чакырганын айтты.

Натыйжада анын талапкерлигин депутаттардын баары бир добуштан колдоп беришти.

Тилек Токтогазиев 30 жашта. Парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен жарышка аттанган. Шайлоодон кийинки башалмандык учурунда "Ала-Тоо" аянтында башына таш тийип, ооруканага түшкөн.

Аялы үчүн бай болуп, журналистти коркутуп... Тилек Токтогазиев тууралуу 9 факты

Мурдагы министр Эркинбек Чодуев бүгүн, 21-октябрда, өз арызын жазып кызматтан кеткен. Ал өлкөнүн айыл чарба тармагын 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

Андан мурунку министр Нурбек Мурашев кызматтан алынгандан кийин да бул кызматка Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин көрсөтүп, реформа жүргүзүү убадасы менен коомчулуктан колдоо тапкан. Жаш талапкерди "Бир Бол" фракциясы да колдоп, өкмөт башчыга сунуштаган болчу. Бирок өкмөт тажрыйбасы жетишсиз деп сунушту четке кагып, Чодуевди алып келген. Эми минтип кайра Токтогазиев дайындалууда.

508
Белгилер:
дайындоо, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Тилек Токтогазиев
Тема боюнча
Парламент Курманкул Зулушевди башкы прокурор кылып бекитти
Пирназаров "Унаа" ишканасынын башчылыгынан кетип, ордун Түмөнбаев ээледи