БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрдан тарта билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт, каражат бар. Мындай пикирин финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков маалымат жыйын учурунда билдирди.
Эске салсак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлыгы октябрь айынан тарта 30 пайызга көтөрүлөрүн айткан.
"Токтомго бүгүн-эртең кол коюлуп, айлык 1-октябрдан тарта жогорулайт. Бул үчүн 1 миллиард 742,5 миллион сом керек. Акча болот, айлыкты кечиктирбей төлөйбүз", — деди Кармышаков.
Ал эми билим берүү жана илим министринин орун басары айлыкты көтөрүү менен биргеликте мугалимдердин эмгегин баалоо системасында мурда кетирилген катачылыктар дагы жоюлганын билдирген.
Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.
"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.
Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Текебаев аны Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болот деген кептер чындыкка дал келбей турганын Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Эске салсак, акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда Текебаев элчилик кызматты аркалай турганы жөнүндө маалыматтар тараган.
"Мага мурунку бийликтин учурунда дагы, азыркы бийликтин учурунда дагы андай сунуш түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык. Ошондуктан талкууга алуунун зарылдыгы жок. Ким эмне себептен жайылтканын билбейм", — деди Текебаев.
Саясатчыдан алдыдагы пландары тууралуу да сурадык.
"1,5 жылдан бери бүтпөй жаткан сот иштери менен алекмин. Алгач сот иштерин бүтүрүшүм керек, пландарым ошондон көз каранды болот", — деди Текебаев.
Былтыр "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алган.
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пунктуларында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кийин жаңы жагдайлардан улам Текебаев менен Чотоновдун ишин Жогорку сот кайра кароого жөнөтүп, фемида өкүлдөрү өткөн жылдын 29-августунда эки саясатчыны үй камагына коё берген. Ошентип ал соттолгон деген статустан кутулган.