Жамгырдан кийин жерде калган жалбырак. Архивдик сүрөт

Шаршембиге карата аба ырайы

74
(жаңыланган 15:00 03.10.2019)
Чүй жана Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. 2-октябрь, шаршемби күнү, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй менен Талас жергесинин кээ бир райондорунда жаан, тоолуу өрөөндөрүндө кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +13…+18, Таласта +14…+19, Ысык-Көл менен Нарын жергелеринде +11…+16, Баткенде +16…+21, Ош жана Жалал-Абад облустарында +15…+20 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы +16…+18 градуска көтөрүлөт, Ошто абанын температурасы +17…+19 градусту көрсөтүп, жамгыр жаайт.

74
Белгилер:
жаан, аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда Казакстандын көмүрү тартыш болуп жатат. Видео
Министр иностранных дел КР Чингиз Айдарбеков на брифинге правительства. 04 октября 2020 года

Мурдагы тышкы иштер министри Айдарбеков президенттин кеңешчиси болду

1
(жаңыланган 18:41 22.10.2020)
Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тийиштүү Жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды", — дешти аппараттан.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.

1
Белгилер:
кеңешчи, президент, Чыңгыз Айдарбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

13
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

13
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео