Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
6-октябрда түнкүсүн республиканын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. 6-октябрь, жекшембиде, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда +20...+25, Таласта +18...+23, Баткен, Ош жана Жалал-Абад жергесинде +21...+26, Нарын өрөөнүндө +12...+17, Ысык-Көлдө +14...+19 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жамгыр жаабайт. Күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ошто +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0